Чек арада жабыркаган жарандарга акысыз көмүр жеткирилүүдө

0
775

Баткен жана Лейлек райондорунда Тажик Республикасынын агрессиясынан жабыр тарткан тургундарга жардам иретинде акысыз көмүр жөнөтүлүүдө.

Көмүр, Сүлүктү шаарында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн көмүр өндүрүүчү ишканалар тарабынан камсыздалууда. Бул тууралуу Сүлүктү мэриясынын фейсбуктагы расмий баракчасында жазылды.

Алдын ала макулдашылган тизмеге ылайык, бөлүнгөн көлөмдөгү көмүр, шаардагы өнөр-жай ишканаларынын 50дөй жүк ташуучу автоунаалары менен жабыркаган айылдарга жеткирилүүдө.

Жардам иретинде берилип жаткан көмүрдүн жалпы көлөмү 814 тоннаны түзөт.

Белгилей кетсек, КРнын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан, чек арада жабыркаган жарандарды көмүр-отун менен камсыздоо боюнча тапшырма коюлган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь