Чек арада ок атышуу токтогону маалымдалды

0
1507

Тажикстан менен чектешкен Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде саат 14:15те ок атышуу токтотулганын УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш бөлүмү билдирди.

Саат 14:07де тараптардын чек ара бөлүктөрү ок атышууну токтотуу боюнча буйрук алганына карабастан, тажик тарап кыргыз тараптын позицияларын саат 14:15ке чейин аткылоону улантты.

Кагылышуу учурунда КР МУККнын 1 аскер кызматкери жаракат алып, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Учурда атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жүрөт.

Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь