Чек ара: Эки аскер кызматкери жараат алды

0
717

2022-жылдын 14-сентябры Булак-Башы жерлигинде орун алган куралдуу чыр-чатактын натыйжасында КР УКМКнын Чек ара кызматынын 2 аскер кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан билдиришти.

Минометтун снарядынын жарылышынын натыйжасында бир чек арачы жеңил жараат алган — минометтун снарядынын сыныктары денесине чийип өтүп, экинчи жоокер контузия алды.
Аларга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, аскер кызматкерлери дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын ден соолугунун абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь