Былтыр Баткенде өспүрүмдөр катышкан 69 жол кырсыгы катталган

0
536

Баткен облусунун аймагында 2023-жыл ичинде 256 жол кырсыгы катталаган. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат катчысы Бектемир Мамытов “Салам Медиага” билдирди.

Ага ылайык, былтыр облус аймагында катталган жол кырсыгынан 39 жаран каза болгон. Ошондой эле өспүрүмдөр катышкан 69 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 3 өспүрүм каза тапкан. Бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 31 учурга аз катталган. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь