Бужум айылындагы төрт көчөгө чек ара чырында курман болгон төрт тургундун аты берилди

0
687

Баткен районунун Бужум айылындагы  төрт көчөгө 2021- жылдын апрель айында Тажикстандын куралдуу кол салуусунан курман болгон төрт тургундун аты ыйгарылды. Бул тууралуу райондук бийликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган окуяда курман болгон Чыңгыз Темировдун,  Мийдин Махмадали уулунун, Мурзабек Абдрахмановдун жана Жаркынбек Амановдун  ысымдары өздөрү туулуп-өскөн көчөлөргө берилди.

Белгилей кетсек, Бужум айылында 2021 — жылдын апрель айында орун алган куралдуу кагылышууда төрт тургун курман болгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь