Боз-Адыр айылына таза суу линиясын тартуу иштери башталды

0
813

Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылына таза суу чыгаруу долбоору ишке ашып, алгачкы жумуштар башталды. Саамалыктын башталуу иш чарасына
Баткен районунун акиминин 1-орун басары Адыбек Набиев, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Кубаныч Дыйканов жана айыл тургундары катышты.
Бул таза суу долбоору Боз-Адыр айылынын тургуну Эрнест Ираповдун демилгеси менен Ихсан Хайрия фонду тарабынан каржыланып жатат.
Бүгүн таза суу үчүн түтүкчөлөр келип түштү,казуу,суу түтүктөрүн орнотуу иши башталды- деп айтылат маалыматта.
Айыл өкмөтүнүн башчысы Кубаныч Дыйкановдун айтымында таза суу ар бир үйгө киргизилет.
Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь