Башкы прокуратуранын Жалал-Абад мамлекеттик университетин бүтүргөн 82 студент жасалма документтер аркылуу диплом алганын билдирди.
Аталган окуу жайга текшерүү жүргүзүлүп, анда “Кыргызстандын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүүчү гранттар жөнүндө” жобонунун талаптарынын бузулуусуна жол берилгендиги аныкталган.
Тактап айтканда, ЖАМУнун педогогикалык багыты боюнча бюджеттик группаларды аяктаган 82 бүтүрүүчү Жалал-Абад облусунун аймагындагы райондордо орто билим берүү мектептеринде 2 жана 3 жыл иштешкендиги тууралуу жалган буйрук, тактама жана күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине тапшырышып, жогорку окуу жайды бүткөндүгү тууралуу дипломдорду алып кетишкен.
Атайын текшерүүнүн жыйынтыгында 82 бүтүрүүчү орто мектептерде иштебегендиги жана аларга айлык маяна чегерилбегендиги аныкталган.
Башкача айтканда, Жалал-Абад областынын аймагындагы айрым мектеп директорлору өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, мектептерде иштебеген 82 бүтүрүүчүлөргө жасалма буйрук, тактама жана эмгек китепчелерине жалган маалыматтарды киргизишкен.
Алардын жогорудагы мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 8 581 819 сомдук зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” менен кылмыш иштери козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө-деп айтылат маалыматта.






