Бишкекте Курман айт намазына тапанча алып келген жаран кармалды

0
807

Бишкектеги эски аянтта окулган Курман айт намазына травматикалык тапанча көтөрүп келген 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, карамалган жарандан аталган аянтка орнотулган көзөмөл өткөрмө пункттардын биринде газ-травматикалык тапанча табылган. 

Милициядан белгилешкендей, аталган жаранда травматикалык тапанчаны сактоого гана уруксаты болгон. Окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

Бул факт Биринчи май райондук милициясында каттоого алынып, шектүү милицияга жеткирилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь