Бишкекте ККМге каршы кайрадан митинг өтүүдө

0
508

Бүгүң 13-июнда Бишкекте көзөмөл-кассалык аппараттына  каршы кайрадан нааразылык акция өтүүдө. Нааразычылыгын билдирген соодагерлер Өкмөт үйүнүн алдына чогулушту. Митингдин катышуучулары, мурдагыдай эле   патент системасы менен иштөө калтырылсын деген талаптарын коюп, ККМге каршы экендиктерин айтышууда.

Жаңы Салык кодексине ылайык, 1-августтан тартып  соода-сатык жүргүзүүчү жана тейлөө кызматын көрсөтүүчү  субъекттер эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу шарт.

Өкмөттүн бул чечимине нааразы болгон ишкерлер акыркы убакта байма-бай нааразычылыктарын билдиришүүдө.Алар ККМ колдонуу менен кымбатчылыкка себепчи болушаарын айтышат.

Министрлер кабинети болсо ККМ колдонуу менен өлкөдөгү көмүскө экономиканы жоюуга шарт түзүлөөрүн түшүндүрүп келет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь