Бишкекте биринчи жолу эл аралык кинофестиваль өтөт

0
424

Үстүбүздөгү жылдын 17-21-ноябрында борбор калаада биринчи жолу Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөрүн бүгүн 15-ноябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чарада эки башка категорияда сынак өткөрүлүп, эл аралык кино сынакта 10 тасма, улуттук сынакта 8 тасма ат салышат.

Сынактардын калыстар тобуна дүйнө кино өндүрүшүндө белгилүү ысымдардан Семих Капланоглу, Филипп Чеа, Елена Дулгеру, Пак Сон Ён жана Гүлсара Ажыбекова кирип, фестивалдын башкы сыйлуу коногу катары Ч.Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” тасмасында башкы каарман катары тартылган актриса Түркан Шорай келет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь