Бишкек шаарынын жергиликтүү жамаатынын курултайы 2022-жылдын 10-октябрында өтөт. Бул боюнча Бишкек шаардык кеңешинин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” токтомунун долбоору даярдалды.
Курултайда эки маселе каралат:Алар,
— Бишкек шаарынын мэринин 2022-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн отчету;
— КР Элдик курултайына делегаттарды шайлоо .
Бишкек курултайына 500 делегат чакыруу пландалууда:
Белгилей кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаров 16-августта “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койгон.
Биринчи жалпы Элдик курултай 25-ноябрда Бишкекте өткөрүү пландалууда.