Кечээ 30-июнда өлкөнүн аймагында 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Бишкек шаарында 10, Чүй облусунда 8, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 23 бөлүм тартылган.
Белгилей кетсек, министрлик абанын өтө ысышына байланыштуу, адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында алдын ала билдирүү тараткан.