Базарда иретсиз соода кылгандарга рейд өткөрүлдү

0
1135

Баткен шаарындагы базарда иретсиз соода сатык кылган соодагерлерге эскертүүлөр берилип, жөө жүргүнчү жана авто унаалардын жүрүүсүнө тоскоолдук жаратпоосу эскертилди. Бул тууралуу шаардык бийликтен кабарлады. 

Ага ылайык, аталган рейд күн сайын уланат. Ошондой эле мыйзамга баш ийбей, өз билемдик менен каалаган жерде соода сатык кылган жарандарга мэрия жана шаардык милиция тарабынан айып пул салынат.

“Негизинен соодагерлер дүкөн жанына кошумча орундук жасап, жөө жүргүнчүлөргө  тоскоолдук жаратып келет. Ошондой эле авто унаалардын тыгынын пайда кылууга да себепчи болушат.” – деп жазылат маалыматта. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь