Баткен жана Исфара район башчылары жолугушту

0
896

Баткен районунун Кызыл-Бел өткөрмө бекетинде район акими Учкунбек Жоробаев баш болгон делегация Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Б.Баходурзода жетектеген  делегация менен  жолугушту. Бул тууралуу райондук бийликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун максаты чек аралаш аймактарда коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо.  Ошондой эле чек ара, укуктук тартип, күндөлүк жашоодо болуп жаткан  маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 

Буга кошумча эки элди  түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо маселелери каралып, түшүндүрүү иштерин  жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо жактары каралды.

Учурда Баткен районунун аймагында коомдук саясий абал тынч.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь