Буга чейин маалым болгондой, Дүйнөлүк банк тарабынан Баткен облусун өнүктүрүү максатында 50 млн. доллар каралган. Анын 25.0млн.$ кредит жана 25.0млн.$ грант болуп эсептелет.
Аталган долбоорго негизинен Кадамжай, Баткен, Раззаков шаарлары камтылган.
Долбоор 3 багытта ишке ашат.
Биринчи багытында — шаарлардын инфраструктурасын жакшыртуу .
Экинчи багытында — облусунун экономикасын көтөрүү, агро өнөр жай, айыл-чарба багытындагы долбоорлор ишке ашырылат.
Ал эми үчүнчү багытында — кичи гранттар колдоого алынат. Мында ишкерлер долбоор жазып кичи гранттарды алса болот.
Долбоор парламентте колдоого алынды. Тиешелүү документ иштери 2022-жылдын аягына чейин бүткөрүлүп, 2023-жылдын башынан курулуш иштери башталат.
Белгилей кетсек, 30-июнда Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев «Региондук экономикалык өнүктүрүү – 2” долбоорунун өкүлдөрү жана АРИСтин аткаруучу директору Марс Наспеков менен жолугушуп, аталган долбоорду ишке ашырууну талкуулашкан. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.