Баткендин жаштары АКШда акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгү бар

0
984

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов менен шаардык кеңештин төрагасы Алтынбек Аширов АКШнын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Миранда Люпион менен жолугушту.
Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Жолугушууда Миранда Люпион Баткен шаарынын орто мектептеринде эмгектенген англис тили мугалимдерин, жергиликтүү бийликте иштеген кызматкерлерди, окуучуларды, студенттерди Америка Кошмо штаттарында атайын гранттык программалардын негизинде окууга кабыл алууга даяр экендигин билдирди .

Ошондой эле билим берүү мекемелерин англис тилин үйрөтүү боюнча атайын китеп жана керектүү окуу куралдар менен камсыздоосу тууралуу айтты.

Мындан тышкары студенттерге акысыз англис тилин окутуу программалары тууралуу маалымат берди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь