Баткендин маданият жана спорт тармагы республикалык бюджеттен каржыланат

0
403

Буга чейин жергиликтүү бюджеттен каржыланып келген Баткен облусундагы маданият жана спорт мекемелери, мындан ары республикалык бюджеттен каржыланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул чечим «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамды ишке ашырууга багытталган.

2022-жылдын 1-январынан тартып Баткен облусунун жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу маданият жана спорт объекттерин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүү чечими кабыл алынган деп айтылат, маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь