Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылындагы жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу райондук бийликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, мектеп жаңы окуу жылына пайдаланууга берилүүсү пландалган. жаңы мектеп 150 окуучуга ылайыкташтырылып курулууда. Анын сметалык баасы 90 млн сомдон ашуун.
Мектеп курулуп бүтсө, анда 195 окуучу билим алат.