Баткен районунун 73 жаштагы тургуну Абдыбакир Имаров Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата, Баткен шаарынан Бишкек шаарына жөө жүрүш жасады.
Имаров ушул жылдын 14-ноябрында Баткенден жөнөп, 21 күндө Бишкекке жетти. Ал аба ырайынын суугуна, жаш өзгөчөлүгүнө карабай, 1000 чакырымга жөө чыккан.