2022-жылдын 13-июль күнү саат 06:20 чамасында Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнүн дарыгери Баткен шаарынын 37жаштагы тургуну денесинен алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгондугун милицияга билдирген.
Бул маалымат боюнча териштирүү иштери жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган.
2022-жылдын 11-июль күнү болжол менен саат 23.00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылынын 26жаштагы тургуну менен Баткен шаарынын 37жаштагы тургуну, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Геревшин жайлоосуна эс алганы барып, кой баккан Ак-Сай айылынын 35жаштагы тургунунун убактылуу жашаган үйүнө жайгашкан.
Эртеси 12-июль күнү болжол менен саат 14.30да үйдүн ээси 35жаштагы У.А. үйүнүн ичинде өзүнүн ок атуучу куралын октоп жатып, кокусунан атылып кетип, сыртта эшиктин алдынан өтүп бараткан Баткен шаарынын 37жаштагы тургунуна тийген.
Ошол эле замат 26жаштагы жаран менен үйдүн ээси, жараат алган жарандын жарааттарын байлап, Курбака участкасындагы аскер кызматкерлерине кайрылышкан.
Ал жерде медицианлык жардам көрсөтүлүп, 13-июль күнү саат 03.30дар чамасында Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы Баткен-Исфана унаа жолуна жетип келишкен. Тилекке каршы, жабыркаган жаран жараатынан улам көз жумган.
Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат, деп билдирди облустук милициядан.