«Азаттык» радиосунун журналисти Сабыр Абдумомунов, Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгү уюштурган «Кайра калыбына келчү энергия булактарына өтүү — көмүртек нейтралдулугуна жетишүү үчүн биздин салым» деп аталган экологиялык эл аралык сынакта 1-орунду алды. Бул тууралуу Абдымомунов эмгектенген Азаттык сайты жазды.
Сабыр Абдумомунов менен Бектурсун Стамкулов даярдаган «Жашыл энергияга жол тапкандар» деп аталган видео материалда жылуулукту үнөмдүү пайдаланган үй-жай салып, энергиянын альтернативдүү булактарына өтүүгө жол тапкандар тууралуу баяндалат.
Сынакка жалпысынан Борбор Азиядан 52 журналист катышкан. Жеңүүчүлөр Нидерландга климаттын өзгөрүүсү, жашыл энергия жаатында тажрыйба топтоп келүүгө жолдомо алышты деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кесиптешибиз Сабыр Абдымомунов журналистикадагы алгачкы эмгек жолун Баткендеги «Салам» радиосунда баштап, тажрыйба топтогон.