Баткенде жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн атайын жумушчу тобу түзүлөт

0
521

Баткен райондук акимчилигинде өткөн коомдук коопсуздукту жана укуктук тартип¬ти камсыз кылуу боюн¬ча кеңешм¬е, жол кырсыктарынын алдын алуу үчүн атайын жумушчу топ түзүү маселеси каралды.Бул тууралуу райондук бийликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Жумушчу топко жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо үчүн тиешелүү ыкчам профилактикалык иш чараларды жүргүзүү милдети коюлат.

Район акими Учкунбек Жоробаев тиешелүү жетекчилерге автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнү ыкчам жолго коюу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана укуктарды берүүдө мыйзамдуу талаптарды сактоо, жол чырактар жана жолдорду түнкү жарыктандыруу маселелерин чечүү тапшырмаларын койду.

Баткен районунда акыркы күндөрү адам өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь