Бүгүн, 20-сентябрда эрте мененки саат 10:25тер чамасында Баткендин Бужум айылында жол кырсыгы катталып, кырсыктан эки киши жабыркады. Бул тууралуу Салам Медиага облустук милициянын ЖКККБ басма сөз катчысы Бектемир Мамытов кабарлады.
Маалыматка караганда Жалал-Абад облусунун Базар- Коргон районунун 20 жаштагы тургуну башкарган “Ваз 2107” үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, Сайназаров көчөсү менен Матисламов көчөлөрүнүн кесилишинде Бужум айылынын “Мерседес-Бенз” үлгүсүндө унаасы менен кагылышып кеткен.
Натыйжада ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу аймактык орууканага жеткирилген. Ал эми “Мерседес-Бенз” үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги бир өспүрүм облустук оруканага кайрылган.