Баткенде жеңил унаа оодарылып бир киши каза болду

0
159

Облустук милициянын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, бүгүн, 31-октябрда  саат 12:50лөр чамасында  Баткен-Кара-Токой-Сох автоунаа жолунун 22-чакырымында жол кырсыгы катталып, Бужум айылынын тургуну каза болду. 

Маалыматка караганда,  кырсыктан каза болгон тургун  өзүнүн «Митсубиси-спейс стар» үлгүсүндөгү унаасын батыштан-чыгышты карай башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай жолдун оң тарабына чыгып кеткен. Натыйжада  унаа оодарылып, маркум алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь