Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан кийин Баткенде жарандарды убактылуу жайгаштыруу пункттар иштей баштады. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен жана Лейлек районунун аймагындагы жергиликтүү эл көчүрүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Баткен облусу болуп, жарандарды эвакуациялоону координациялоодо.
“Ал үчүн атайын техника жана бус унаалары бөлүндү”, — деп айтылат маалыматта.






