Баткенде өзгөчө макам алган айыл тургундары ай сайын кенемте алат

0
2642

Баткен районун өзгөчө макамга ээ болгон чек ара аймактарында жашаган 10 миңден ашун тургундун пенсияларына 2000 сомдон компенсациялык төлөмдөр кошулуп берилет.  Бул тууралуу райондук бийликтен билдиришти. 

Маалыматка караганда, Министрлер кабинетинин ушул жылдын 23-июнундагы №325 токтомунун негизинде Өкмөттүн “Өлкөнүн айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу тууралуу токтому күчүн жоготуп, аталган токтомго өзгөртүүлөр киргизилип, учурда Баткен облусунун аймагындагы дагы жаңы 31 айыл өзгөчө статусу бар аймактардын катарына кирди.

Өзгөрүүлөрдүн негизинде чек ара аймактарында туруктуу жашаган жарандардын ай сайын алуучу 2000 сом өлчөмүндөгү компенсациялык төлдөмдөрү убактылуу токтотулуп турат.

Жакынкы күндөрү жаңы токтом менен облус боюнча 22285 жаран, Баткен району боюнча 10033 жаран ай сайын 2000 сомдон компенсациялык төлөмдөрүн алышат. Ал эми август айынан убактылуу токтотулган компенсация токтотулган айдан баштап төлөнүп берилет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь