Баткенде заманбап медиа контент даярдоо боюнча долбоор жыйынтыкталды

0
132

22-октябрда Баткен шаарында блогерлер, активисттер, ишкерлер жана жаңы ишин баштаган журналисттер үчүн жаңы форматта медиа визуалдык публикацияларды даярдоо боюнча “Баткенде инновациялык медиа материалдарды колдонуп, социалдык көйгөйлөр жана алардын чечилиши үчүн мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу” долбоору жыйынтыкталды. Иш чарада катышуучулар даярдаган материалдардын эң мыктылары тандалып, жеңүүчүлөр сыйланды.

Анда биринчи орунду, “Чек ара: Самаркандекте суу көйгөйү чечилүү алдында турат” – деген аталыштагы материалы менен Сабира Бакирбек кызы, экинчи орунду “Пайдалуу миграция” аттуу материалы менен Алмазбек Баймуратов, үчүнчү орунду “Малина өндүрүүнү күчөтүү Кадамжайдын экономикасын көтөрө алабы?” аталышындагы материалы менен Эржигит Таштанов жеңди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 29-январынан 1-февралга чейинки аралыкта  Баткен облусунун баардык аймактарынан 27 катышуучу  атайын окутуудан өткөн. Долбор АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Демократиялык комиссиясынын колдоосунда ишке ашырылып жатат.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь