Баткенде уурулук кылган жаран Ош шаарынан кармалды

0
33

Кызыл-Кыядагы автобекетте Ош шаарынын тургунунун авто унаасынын ичинен 14 миң сомун уурдаган 18 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы билдирди.

Шектүү жазык кодексинин “Уурулук” беренесинин негизинде айыптуу деп табылган. Кылмыш иши соттук териштирүү учурунда айыпталуучу соттук териштирүүгө келбей изин жашырып кеткен. Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө  9-февралда издөөдө жүргөн, мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган кылмышкер Ош шаарынан кармалды.

Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.