Баткенде  уруулук кылып, изин жашырып жүргөндөр кармалды

0
842

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 6-апрелинде арыз менен Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын  тургуну 25 жаштагы жаран  арыз менен кайрылган. Анда, үстүбүздөгү жылдын  10-февраль күнү түнүчүндө спирт ичимдиктерди, унаага керектелүүчү майларды жана  акча каражатын жашыруун түрдө уурдап, изин жашырып кетишкенин билдирген. 

Арыздануучуга 25 миң 620 сом материалдык зыян келтирген. 

Бул окуя боюнча тергөө амалдары башталган. Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары   Баткен шаарынын тургуну мурда соттолгон 25, 21 жаштагы тургундар кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.   

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь