Баткенде унаа уурдаган өспүрүм кармалды

0
30

Баткендин Жаңы-Жер айылында «Daewoo Matiz» үлгүсүндөгү унааны мыйзамсыз ээлеп алган 15 жаштагы өспүрүм кармалды.  Бул туурасында  облустук милициянын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Бектемир Мамытов  Салам Медиага билдирди.

Ыкчам издөө иш чаралардын жыйынтыгында кылмыш изи сууй электе жол кайгуул кызматкерлери, шектүүнү Кадамжай шаарынан кармады. Кармалган өспүрүм Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну экени белгилүү болуп, ал тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.