Баткенде өткөн республикалык Куран жарыш жыйынтыкталды

0
202

19-20-октябрь күндөрү Баткен шаарында республикалык куран жарышы өттү. Жарышты Республикалык “Куран Жарыш” Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы, Кыргызстан ислам унверситети, Баткен облустук казыяты уюштурган. 

Мелдешке Кыргызстандын булуң- бурчунан тандалып алынган 35 каары катышты. Анын жыйынтыгында Куранды 10 парадан жатка окуу боюнча 1-орунду  Абубакр Жороев  ээлесе, 20 параны жатка окуу боюнча Лутфулло Рахманов жана 30 параны жатка окуу боюнча Салман Рахматтуллаев женүүчү болду. Ал эми Куранды эң мыкты көркөм окуган Бурхан Турдалиев жеңүүчү атанды. 

Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды. Куран жарыштын жалпы байге фонду 2 млн сомду түзгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь