Баткенде соңку аптада 14 мас айдоочу аныкталды

0
287

Баткен облусунун аймагында бир жума ичинде 865 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу  жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы кабарлады.

Маалыматка караганда, тийиштүү документтери жок унаа башкаруу 14 айдоочу, мас абалында авто унаа башкарган 14, белгиленген ылдамдыктан ашырып айдаган 167, мыйзамсыз терезелерин карангылатып алган эки айдоочу аныктылып, башка жол эрежелерин бузган 668 факты катталган.

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 51 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короого киргизилген.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь