Сел жүргөн жолдор сел калдыктарынан тазаланып, учурда унаа жолдор жана жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдор ачылган. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам топтору, Жарандык коргонуу кызматтары менен бирге жеринде иш алып барууда.
Эске салсак, кечээ, 23-июнь күнү жааган нөшөрлүү жамгырдан кийин Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында сел жүргөн.
Белгилей кетсек, сел суулары жалпы облус боюнча 16 турак үйдүн короосуна, 3 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 2 мал сарайга кирген, 3 баш бодо мал, 14 баш майда малды агызып кеткен. Ошондой эле 19340 метр ички чарбалык жолго, 1100 метр унаа жолуна, 6000 метр ички чарбалык арыктарга, 4000 метр сай жээгине, 50сотых эгин талааларына зыянын тийгизген.