Баткенде пара алган жол-кайгуул кызматынын 9 кызматкери кармалды

0
1592

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин  маалымат кызматы кабарлады.  

Маалыматка ылайык,  кармалган кызматкерлер жол эрежесин бузган айдоочулардан административдик айып пул салуу үчүн опузалап акча өндүрүүгө аракеттенишкен жана туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн. 

Бул факты боюнча жазык кодексинин  «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ошондой эле Баткен облусунун Жол кайгуул кызматынын башка кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерин документтештирүү боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлө баштады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь