Баткенде облустун  тарыхы жана келечеги тууралуу илимий конференция өттү

0
135

Бүгүн Баткен  шаарында Баткен облусунун жана Баткен шаарынын 25 жылдыгына арналган «Баткен тарыхы-улуттун руханий казынасы»- аттуу эл аралык илимий практикалык конференция өттү. Аны  Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев ачты.

Иш чарада Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев СӨЗ СҮЙЛӨП,   Баткен облусун ар тараптуу өнүктүрүү мамлекеттин негизги артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

Конференцияга чет өлкөлүк коноктор, Жогорку кеңештин депутаттары жана мамлекттик  органдардын жетекчилери катышты. Алар Баткен облусунун 25 жылдыгы менен куттуктады.

Белгилей кетсек, Баткен Мамлекеттик Университети тарабынан уюштурулуп,  келген коноктор окуу жайдын дараметин чагылдырган көргөзмө менен да таанышып чыгышты. 

Конференция Баткен облусунун тарыхы жана келечеги тууралуу илимий докладдар менен уланды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь