Бүгүн, 15-апрель күнү “Баткен облусунун финансы-экономикалык системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыгы” – деген аталыштагы илимий конференция өттү.
Финансы министрлигинин 100 жылдыгына карата өлкө аймагында мындай конференциялар уланат.
Конференцияда облустун каржы-экономикалык тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде учурдагы көйгөйлөр, келечек жана өсүү мүмкүнчүлүктөрү талкууга алынды.
Конференциянын катышуучулары Баткен облусунун финансы системасын өнүктүрүү перспективаларын талкуулап, каржылык-экономикалык саясаттын көйгөйлөрүнө көңүл буруп, бюджеттин киреше бөлүгүн эффективдүү өстүрүүнүн механизмдерин сунушташты.