Баткенде милициянын ардагерлери медициналык кароодон өттү

0
416

Баткен облустук ички иштер  башкармалыгынан билдиришкенге караганда,  облустук милициянын  ардагерлер кеңешинин төрагасы Дүйшө Ниязкулов, медицина кызматынын дарыгерлери жана кадр кызматкерлери биргеликте облус аймагындагы ардагерлердин ар биринин жашаган үйлөрүнө барып, ал-абалын сурап, медициналык кароо жүргүзүп, керектүү дары-дармектер менен камсыз кылышты.

Маалыматка караганда мындай демилге үч жылдан бери уланып келет.  Мындай көмөк ардагерлерге жылына эки жолудан берилет.

Баткен облусунун аймагында милицияда иштеп, пенсияга чыккан 370 ардагер бар. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь