Баткенде милиция кызматкери пара менен кармалды

0
1392

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкери (участковый) пара алуу беренеси менен кармалды.

Прокуратуранын маалыматка ылайык, милиция кызматкери арыздануучу жарандардан жол кырсык фактысын жашырып, оң чечим кабыл алуу менен жоопкерчиликке тартпоо үчүн мурда 40 миң сом пара катары акча алган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин пара алуу беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында милиция кызматкери мурда пара катары алган 40 миң сомдун ичинен, 22 миң сом акча каражатын арыздануучуга кайтарып жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга шектүү катары киргизилди.

Кармоо УКМКнын жана облустук милициянын Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь