Баткенде миңден ашык үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

0
506

Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкрмалыгынан билдиришкендей,  Ыйман фонду”, Сауд Араб Падышасы Салман гуманитардык жардам борбору менен биргеликте Баткен районунун жана шаарындагы 1277 үй-бүлөгө  азык-түлүк себеттери тапшырылды.

Азык-түлүк себетинде ун, май, жана күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү азыктар бар.  Жардамды таркатуу иш чарасына Президенттин Баткендеги өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү жана «Ыйман фондунун» өкүлдөрү катышты. 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь