Бүгүн, 9-июнда Кыргызстандын бардык мектептеринде «Акыркы коңгуроо» салтанаты өтүп жатат.
Аталган саамалык, Баткен облусундагы мектептерде да белгиленүүдө.
Баткен облусутук гимназия-жатак-мектебиндеги салтанатка, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков катышып, «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болгон, үч бүтурүүчүнү куттуктады.
Алар аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү: Азимов Алмаз, Кумарбек кызы Жасмина жана Саитбурканов Ырыскелди.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянсак, 2021-2022-окуу жылында өлкө боюнча 9-классты 106 миң 219 бүтүрүүчү, 11-классты 67 миң 45 бүтүрүүчү аяктоодо.
Ал эми Баткен облусу боюнча жалпысынан 9-классты 8594, 11-классты 5647 окуучу бүтүрүүдө.