Баткенде майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди

0
1157

Баткен шаардык мэриясы майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизди. Ага ылайык облустук, райондук, шаардык деңгээлдеги маданий оюн-зоок иш чараларын өткөрүүгө чектөө салынып, ал 2023-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот. Бул тууралуу шаар бийлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындай чечим  кабыл алууга Тажикстандын сентябрь айындагы кол салуусунан 63 адам каза болуп, 200 дөн ашык киши жаракат алышы себеп болгон.

Чектөөгө жаңы жыл, 8-март аялдардын эл аралык күнү, Нооруз, акыркы коңгуроо, балдарды коргоо күнү, Жеңиш күнү, Эгемендүүлүк күнү жана башка кесиптик майрамдардын баарына тиешелүү.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь