Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны өттү

0
1207

Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 11-ноябрдан 17-ноябрга чейин Баткен шаарында өткөн.

Жумушчу топтор, калган участоктордогу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын сыпаттоо маселесин талкуулашты жана бул ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки отурумда улантууну чечишти. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь