Баткенде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуу өттү

0
2800

1-декабрдан 6-декабрга чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык иш топторунун кезектеги жыйыны өттү.

Бул жолугушууда 17,66 чакырым узундуктагы чек ара сызыгынын долбоордук сыпаттамасы аяктаганын бүгүн Кыргызстандын министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады. Мындан тышкары ишти улантуу максатында 2023-жылга карата жолугушуулардын графиги макулдашылган.

Эки тараптын кийинки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөт.
Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узунудугу 900 чакырымдан ашуун. Буга чейин анын 600 чакырымдайы такталган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь