Баткенде Гунндардын дооруна таандык сөөктөр табылды

0
1067

Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын Кызыл-Кошун жерлигинде байыркы мезгилге таандык адамдардын сөөктөрү, жашырылган табыт, түрдүү зер буюмдар жана чопо идиштер табылган. Учурда бул аймакта 2023-жылы башталган казуу иштеринин уландысы жүрүп жатат.

Бул аймакта 118 мүрзө дөбө каттоого алынып, бүгүнкү күндө анын 17си казылган.

Казуу иштерине катышкан адистер жашырылган табыт Гунндардын дооруна таандык экенин айтышты. 

Аталган аймакта археолог,  тарых илимдеринин кандидаты Кадича Ташбаева жетектеген  Баткен, Ош мамлекеттик университеттеринин окутуучулары, студенттери, тарых археология жана этнология институтунун окумуштуулары археологиялык казуу иштерин жүргүзүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь