Баткенде диний мекемелер арасында кичи футбол мелдеши өттү

0
58

Баткен шаарында, облус аймагындагы диний окуу жайлар жана район, шаар хатибдеринин катышуусунда кичи футболдук достук мелдеши уюштурулду.

Бул тууралуу Баткен облусунунун мусулмандарынын казыятынын басма сөз кызматы билдирди. 

Мелдеш Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жарлыгы жана Баткен облустук казыятынын жылдык иш планынын негизинде өткөрүлдү.

Бул спорттук иш-чарага жалпы 11 команда катышты, алардын бардыгы диний мекемелердин кызматкерлеринен түзүлдү. 

Мелдештин жыйынтыгы боюнча, 1-орунду Баткен районунун хатибиятынын жамааты жеңип алса, 2-орунду Муаз ибн Жабаал медресеси, 3-орунду болсо Кызыл-Кыя шаарынын хатибиятынын жамааты ээлешти. 

Бул оюнду Баткен облусунун мусулмандар казыятынын кызматкерлери уюштурушту. Кийинки мелдешти Кызыл-Кыя хатибияты өткөрө турган болду.

Мындай иш-чаралар диний мекемелердин кызматкерлеринин ортосундагы достук байланышты чыңдоого, жалпы коомдогу ынтымакты арттырууга жана сергек жашоого  өбөлгө түзөт.