Баткенде диний-экстремисттик кыймылынын “лидери” кармалды

0
1276

 «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик топтун 41 жаштагы башчысы жана тогуз мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кадамжай райондук сотунун чечими менен кармалган 41 жаштагы жаран жана анын жакын өнөктөшү күнөөлүү деп табылып, өкүм чыгарылган. Ал эми экстремисттик кыймылдын калган мүчөлөрүнө тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле аталган кыймылдын 12 мүчөсү бул тыюу салынган уюмга мүчө болуудан ыктыярдуу түрдө баш тартышкан.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткен жана Кызыл-Кыя шаарында, Баткен жана Кадамжай райондорунда «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан бир катар тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь