Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Ормузан аймагында жайгашкан “Дөгмөн” кени расмий ишке кирүү алдында турат.
Кен 30-августта өлкө башчысы Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда ачылат. Кенди иштетүүгө жеке ишкер тарабынан 1 500 000 $ инвестиция салынган.
Дөгмөн кени жылына 600 миң тонна көмүр өндүрүүсү күтүлүүдө. Муну менен 120га жакын иш оруну түзүлөт.