Баткенде «Чоң-Гара-Галча» кенин иштетүүнү  мамлекет  колго алды

0
1388

Баткенде «Чоң-Гара-Галча» кени боюнча социалдык тармакта тараган видео, 2021-жылдын  февраль айында тартылган, Аталган видео кечээ 7-апрель күнү кайрадан социалдык тармактарда пайда болуп, “нефтини Кытайлык компания ташып кетип жатат” деген туура эмес маалымат берилген. Мындан улам блустук бийлик, кеп болуп жаткан кен боюнча түшүндүрмө берди.

Ага ылайык, 2012- жылы «Главнефтегаз» ЖАК Кытай компаниясы нефти жана газ боюнча изилдөө максатында Баткен облусунун  аймагында жайгашкан «Чоң –Гара-Галча» жана «Түндүк Сох» кендерин иштетүүгө лицензия алган.  Бул видеодогу нефти 2016-жылы  изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн  казылган кудукка сыноо иретинде куюлган нефти болуп саналат. Бирок 2022-жылы аталган компания тарабынан лицензия туура эмес иштетилгени үчүн, кен мамлекетке кайтарылып, «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасына берилгени айтылат.

“Аталган  мунай жана газ кендерин иштетүү максатында 2023-жылдын 23-мартында Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасы менен «Кыргыз-Түрк К-НефтьГаз» ААКнын  ортосунда нефть өндүрүү жана даяр продукцияны сатуу боюнча биргелешкен иш-чаралар жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Келишим 2042-жылга чейин түзүлгөн, чыгымдын баары инвестор тараптан каржыланат. 2024- жылдын июнь айына чейин  кудуктар толугу менен капиталдык оңдоп түзөөдөн  өтүп,  ишке берилет.” — деп жазылат маалыматта .

Ошондой эле облустук бийлик аталган ишкананын директору Чыңгызбек Тешебаевдин билдирүүсүн жүктөгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь