Баткенде үч өрт кырсыгы катталды

0
509

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тилсиз жоонун бири Лейлек районунун Арка айылындагы талаада катталып, кургак чөп өрттөнгөн. Ушундай эле өрт Кадамжай  шаарынын чыгыш тарабында ачык аянтта болгон. Ал эми Кызыл-Кыя  шаарында таштанды урнасы өрттөнгөн. Жерине  аймактардагы ӨККБнөн куткаруучулар тартылып, өрт өчүрүлгөн. 

Кырсыктан жабыркагандар катталган жок.

Министрликтен билдиришкендей, өлкөдө сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталып, анын экөөсү Бишкек шаарында, экөөсү Ош облусунда, үчөөсү Жалал-Абад облусунда жана бешөө Чүй облусунда катталган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь