Баткен шаарында, “Дыйкан” базарынын айланасындагы, жол боюнда мыйзамсыз соода сатык кылгандарга бир нече эскертүүлөрдөн соң, товар жайган столдору жыйналды. Бул тууралуу шаардык бийликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, рейддик иш чараны мэриянын кызматкерлери жана шаардык милиция жүргүзүп, базар айланасында мыйзамсыз соода сатык кылган жарандарга эскертүүлөрдү берүү менен, товар жайган столдору жыйылды.
Шаардык бийлик иш чара жөө жүргүнчүлөргө жана авто унаа айдагандарга тоскоолдук жаратпоо максатында жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
Эске салсак, шаардагы “Дыйкан” базары Мурат Салихов көчөсүндөгү “Биримдик” базарына жылдырылган. Мэрия жол боюнда соода-сатык кылган соодагерлерге “Биримдик” базарында соода кылууну сунуштоодо.